«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун февраль айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2018 – жылдын февраль айында 102050 телефондон кайрылуу же бир суткада 356 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 213 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (24 же 11,3% жаш балдардан, ал эми 189 же 88,7% чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 136 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 69 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 213 чалуунун  ичинен эркектерден – 45 (21,1%), аялдардан – 144 (67,6%), балдардан – 24 анын ичинен эркектер – 10 (41,7%), кыздардын – 14 (58,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 80 абонент чалган;

– азык – түлүк, финансылык, юридикалык жана башка жардам сурагандардын саны 26;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу- 20;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 18;

– билим берүү системасы боюнча – 11;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 10;

– балдарга карата болгон ырайымсыз мамиле тууралуу – 8;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери тууралуу  – 8;

– борбордун милдеттери жана иши тууралуу маалымат алуу үчүн – 8;

– медициналык камсыз кылуу  боюнча  – 5;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 5;

– башка суроолор менен – 5 абонент чалган.

10037 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек ш. – 56;

– Чуй облусу –38;

– Ош облусу – 36;

– Жалал – Абад облусу –  33;

– Ыссык – Көл облусу – 18;

– Баткен облусу –18;

– Талас облусу – 8;

– Нарын облусу – 6.

Пайдалуу
Ссылкалар