2019-жылдын 14-мартында КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У. Кочкоров СЖКМС негизинде электрондук ведомстволор аралык маалымат алмашуу пилоттук долбоордун текшерип чыкты

2019-жылдын 14-мартында КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У. Кочкоров Социалдык жардам корпоративдик маалыматтык системасынын негизинде электрондук ведомстволор аралык маалымат алмашуу пилоттук долбоордун жүрүшүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук жана Чуй облусунун Аламудун райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында текшерип чыкты.

Башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан ведомстволук аралык маалымат алмашуунун иштөөсүн, тактак айтканда жарандар мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн кайрылганда жарандын паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана пенсиялык камсыздоосу боюнча электрондук маалыматтарды алууну көрсөтүштү.

Ведомстволор аралык маалымат алмашуу – бул документтерди  чогултууга кеткен жарандардын убактысын кыскартууга жол берет, азыркы күнү жарандар көптөгөн документтерди чогултуп жана мамлекеттик жөлөкпулду алуу үчүн көптөгөн акча каражаттарды сарпташат экендигин Министр У. Кочкоров белгиледи. Электрондук маалымат алмашуу ушул маселелерди чечүүгө багытталган. Жалпысында, бул мүмкүнчүлүктөр кагаз түрүндөгү маалымкаттардан баш тартууга жана Министрлик тарабынан берилип жаткан мамлекеттик кызматтарды оптималдаштырууга шарттарды түзөт тургандыгы айтылды.

Пайдалуу
Ссылкалар