Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ДССУ) тарабынан сунушталган (2001-жыл) Кыймыл-аракеттин, тиричилик аракеттердин чектелишинин жана ден соолуктун эл аралык классификациясын жайылтуу
2001-жылы ДССУ сунуштаган КЭКти жайылтууга даярдык көрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо тарабынан Дүйнөлүк Банктын проектисинин жардамы менен кандай иштер жүргүзүлдү.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 560 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндө” жана 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдоруна КЭКтин кээ бир элементтери киргизилди:
– эл аралык сунуштамаларга ылайык балдардын өнүгүүсүндөгү курактык мезгилдер;
– балдарда функционалдык бузулуулардын оордугунун деңгээлдерин чектөө;
– процедуралардын өз ара байланыш принциби: майыптуулукка күбөлөндүрүү жана МСЭК жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын ортосундагы маалыматтык алмашуу мүмкүнчүлүгү менен РЖП иштеп чыгуу;
– документти колдонуу практикасын жеңилдетүүчү башка редакциялык жана эксперттик учурлар.
– ДМЧ чоңдор жана балдар үчүн РЖП ажырымдоо;
– РЖП акысыз (базалык программа) жана акылуу/жеңилдетилген бөлүктөрүн конкреттештирүү.
– КР ЭСӨМ түзүмдөрүнүн реабилитациялоонун базалык программаларын администрациялоо.