Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ДССУ) тарабынан сунушталган (2001-жыл) Кыймыл-аракеттин, тиричилик аракеттердин чектелишинин жана ден соолуктун эл аралык классификациясын жайылтуу

2001-жылы ДССУ  сунуштаган КЭКти жайылтууга  даярдык көрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу  үчүн Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо тарабынан Дүйнөлүк Банктын проектисинин жардамы менен  кандай иштер жүргүзүлдү.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 560 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндө” жана 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдоруна КЭКтин кээ бир элементтери киргизилди:

– эл аралык сунуштамаларга ылайык балдардын өнүгүүсүндөгү курактык мезгилдер;

– балдарда функционалдык бузулуулардын оордугунун деңгээлдерин чектөө;

– процедуралардын өз ара байланыш принциби: майыптуулукка күбөлөндүрүү жана МСЭК жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын ортосундагы маалыматтык алмашуу мүмкүнчүлүгү менен РЖП иштеп чыгуу;

– документти колдонуу практикасын жеңилдетүүчү башка редакциялык жана эксперттик учурлар.

– ДМЧ чоңдор жана балдар үчүн РЖП ажырымдоо;

– РЖП акысыз (базалык программа) жана акылуу/жеңилдетилген бөлүктөрүн конкреттештирүү.

– КР ЭСӨМ түзүмдөрүнүн реабилитациялоонун базалык программаларын администрациялоо.

Пайдалуу
Ссылкалар