«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун март айынын учунчу жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15 – мартынан 21 – мартына чейин 2878 телефондон кайрылуу, же бир суткада 411 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 37 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (9 же 24,3 % жаш балдардан, ал эми 28 же 75,7 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 19 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 37 чалуунун  ичинен эркектерден – 5 (13,5 %), аялдардан – 23 (62,7%), балдардан – 9 анын ичинен эркектер – 2 (22,2 %), кыздардын – 7 (77,8 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 12 абонент чалган;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу-3;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу -2;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын,

окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери тууралуу  – 1;

– башка жардам сурап – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле тууралуу-1;

-медициналык уамсыздоо-1.

2916 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  13;

– Чуй облусунан –7;

– Ыссык – Көл облусунан – 5;

– Ош облусунан – 4;

– Жалал – Абад облусунан –  4;

– Нарын облусунан – 2;

– Баткен облусунан –2.

Пайдалуу
Ссылкалар