Кыргыз республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Коомдук кеңеш комитети түзүлүүдө

“Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 –беренесине ылайык Кыргыз республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Коомдук кеңеш комитети түзүлүүдө, ал министрликтин аймактык бөлүнүштөрү жайгашкан, Кыргыз Республикасынын тигил же бул областтарынын жана/же райондорунун аймагында түзүлгөн.

Министрликтин Коомдук кеңеш комитеттери министрликтин коомчулук менен тыгыз кызматташуучу жана өз ар байланышта болуусу үчүн, министрликтин аймактык бөлүнүштөрүнүн жана алардагы кызмат адамдарынын ишмердигине коомдук мониторингди жүргүзүү үчүн механизмдерди түзүү жана министрлик чечимдерди кабыл алууда, анын ичинде мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда коомдук ой-пикирлерди эсепке алуу үчүн түзүлгөн.

Контролдоо системасындагы өзгөчө роль жер-жерлердеги Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн контролдоого тийиш, себеби бул органдар калкка жакын жана алар менен күн сайын кызматташат. Жер-жерлердеги контролдоо – бул аткаруу тартибинин абалын мониторингдөө, аудит өткөрүү жана текшерүү системасы, башкаруу сапаты, бюджеттик каражаттарды колдонуу натыйжалуулугу, программаларды, пландарды, стратегияларды ишке ашыруу натыйжалуулугу, алардын жыйынтыктарынын коюлган максаттарга жана сарпталган ресурстарга, ошондой эле улуттук мыйзамдарды сактоо абалына ылайыктуулугу болуп эсептелет. Бул система Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн калкка кызматтарды көрсөтүү сыяктуу маанилүү багыттарын баалоону, мониторингдөөнү жана байкоону өзүнө камтыйт.

Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү бирикмелердин бири тарабынан сунушталат:

1) юридикалык жактардын катталган бирикмелери;

2) коомдук бирикме, фонд жана/же мекеме (муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерден тышкары) формасында катталган үчтөн кем эмес коммерциялык эмес уюмдар.

Бир бирикмеден жарандык коомдон Комиссияга шайлоо үчүн бир гана талапкер сунушталышы мүмкүн. Бир юридикалык жак жарандык коомдон Комиссияга шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү максатында бир гана бирикменин курамында катыша алат.

Комиссиянын мүчөлүгүнө 25 жаштан жаш эмес, жогорку билими бар, соттолгондугу жок, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, жарандык демилгелерде жана жигердүү коомдук иштерде тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары талапкер боло алышат.

Жарандык коомдон Комиссияга мүчөлөрдү шайлоо боюнча конкурска катышуу үчүн (жеке өзү – колмо-кол, почта же болбосо электрондук почта боюнча) төмөнкү документтер тапшырылуусу тийиш:

1) Комиссияга шайлоо үчүн талапкерди сунуштоо жөнүндө бирикменин (катталган бирикменин жетекчисинин колу же болбосо катталбаган бирикмени түзгөн коммерциялык эмес уюмдардын бардык жетекчилеринин колдору коюлган, ушул уюмдардын мөөрлөрү менен бекитилген) каты;

2) конкурска катышууга талапкердин арызы;

3) автобиографиялык маалыматтарды (таржымал) көрсөтүү менен талапкердин билими, кесиптик жумушунун жана коомдук ишинин тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар.

Пайдалуу
Ссылкалар