Социалдык камсыз кылуу департаменти административдик жана уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси кызмат орунун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти

Административдик жана уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси (СБ)-1шт. бирдик кызмат орунун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Бардык административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын Конститутциясы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Респуликасынын укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин билүү.

Административдик жана уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билим денгээли:
  • экономикалык, гуманитардык, башкаруу менеджменти, жаратылыш жана социалдык илим багытындагы жогорку билим.
  1. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик же муниципалдык улук кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же болбосо тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү кызматта 3 жылдан кем эмес эмгек стажы.
  1. Кесиптик компетенциясы:

–   “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

–   “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

–   Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 Өкмөтүнүн токтому.

Билүү керек:

  • маалыматты чогултууга, анализдөөгө, системдештирүүгө жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү областагы ата мекендик жана чет элдик тажрыйбага анализ жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө билүү.

Жөндөмү:

  • укук ченемдик актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • ишти пландаштырып, жумуш убактысын туура пайдалана билүү;
  • башкаруу иштерин ыкчам жүзөгө ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техниканы, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн зарыл документтер:

  • Социалдык камсыз кылуу департаментинин сынактык комиссиясынын төрагасынын атына бош орун көрсөтүлгөн жеке арызы;
  • сүрөтү чапталган резюмеси;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;
  • паспорттун көчүрмөсү, зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациялык тастыктоочу документтерди (нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрүн) берүү зарыл.

Документтер 2019-жылдын 15 –апрелинен кечиктирилбестен  18:00гө чейин  төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 720040, Бишкек ш., Раззакова 8/1 көчөсү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти.

Кошумча маалымат алуу үчүн 90-05-90, 90-05-82 телефон аркылуу  кайрылсаңыздар болот. Талапкерлерге коюлган талаптар боюнча кеңири маалыматтар Кыргыз Республикасынын кадр кызматынын сайтында www.mkk.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында www.mlsp.gov.kg. кеңири жайгаштырылган.

Пайдалуу
Ссылкалар