«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын I – кварталындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган конкреттүү суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат.

2019 – жылдын I кварталында 34559 телефондон кайрылуу, же бир суткада 383 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 657 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (77 же 11,7% жаш балдардан, ал эми 580 же 88,3% чоң адамдардан түшкөн), 419 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 46 абонентке психологиялык консультация берилди, 192 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 657 чалуунун  ичинен эркектерден – 187 (28,5%), аялдардан – 470 (71,5%), балдардан – 77 анын ичинен эркек балдардан- 32 (41,5%), кыздардан- 45 (58,5%).

2018 – жылдын I – кварталы менен салыштырганда 2019 – жылдын I – кварталында чалуулардын саны 2,7 эсе көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби, “111 Балдар үчүн ишеним телефону” кайрылуу жөнүндө масштабдуу маалымат кампаниясынын жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу болду.

Кайрылган абоненттердин көбү (248 чоң адамдар же 37,7%) социалдык жардам сурап чалган. Алар балдарга “уй – бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул, пенсия чектөө жана төлөө тууралуу, жеке ассистенттин кызматын төлөө, балдарды камкордукка алуу, асырап алуу, балдарды интернат тибиндеги балдар мекемесине, же реабилитациялык борборлорго жайгаштыруу, көп функционалдуу майыптарга коляска алуу, согуштун катышуучусуна компенсация, балдарга туулган тууралуу күбөлүк алуу,  эмгек акыны төлөтүү тууралуу.

Борборго кайрылган 76 же 11,6% абоненттер матриалдык, финансылык, юридикалык, балдарга реабилитациялык борбор же убактылуу башпаанек, психолог, адвокат, юрист, үй, жер берүү, алимент тууралуу консультация, үй – бүлөнү, тилемчилерди текшерүү, мамлекеттик  мекеме уюмдардын даректерин, эрте турмушка чыккан өспүрүм кыздын никесин, салттуу ыкма менен дарыланууга мажбурлоо учурларда жардам сурашкан.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 72 же 11,0% абонент чалган. Буларга энелер тарабынан  балдарын аталарына жолуктурбай, туугандар, балдар менен ата – энелердин арасында  түшүнбөстүктөр, чыр–чатактар, ажырашканда балдарды ата – энесинин бирөөсүнүн карамагына берүү, күйөөсү, баласы тарабынан коркутуу, ата – энелик милдеттерди аткарбагандыктан, алимент төлөбөө, мүлк бөлүштүрүү себеп болгон.

57 же 8,7% абоненттер балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу кабарлаган. Анын ичинен 7 абонентке ИИБ жана сотко кайрылуу сунушталган, 1 факт тастыкталган, 19 факты тастыкталган эмес. Ошондуктан бардык үй – бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Психологиялык жабырлануудан  39 же 5,9% абонент, алардын ичинен 29 жаш балдар кайрылган. Жаш балдардын кайрылуусуна баарлашуунун жетишпездиги, жалгыздык сезими, ата – энелери менен болгон  чыр–чатактан, келишпестиктен, өспүрүмдөрдүн, тең туштардын бири – бири менен болгон таарынычтардан, ата – энелери тарабынан түшүнбөстүк, депрессияда болуудан, эркинин жетишпестигинен, атасынын жүрүм – турумунан корккондуктан, эрте никеге турууга мажбурлагандан, туугандарына тынчсыздануудан болгон. Жаш балдар көбүнчө  психологиялык жабырлануунун кесепетинен кайрылган.

Билим берүү системасы боюнча 37 же 5,6% абонент чалып, мектептин мугалимдеринин, класс жетекчинин, социалдык педагогдун, директордун, мектепке акча чогултууга, балдар бакчасынын администрациясынын ишине нааразычылык билдирген.

36 же 5,5% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган;

24 же 3,7% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери тууралуу  чалуулар түшкөн;

19 же 2,9% абонент Борбордун милдеттери жана иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган;

16 же 2,4% кайрылуу балдарга карата болгон ырайымсыз мамиле тууралуу тушкөн, анын 10 фактысы аныкталган жок, бирок 2 үй – бүлөө каттоого алынып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, 1 бала убактылуу үйдөн алынып, балдар үйүнө жайгаштырылды;

14 же 2,1% чалуулар ар кандай суроолор боюнча (соцтармак аркылуу коркутуу, маршруттук таксилерге арыздануу, бей тааныш адамдардан балдарды сактоо, адашкан иттер жөнүндө);

10 же 1,5% абонент медициналык камсыз кылуу  боюнча чалган;

6 же 0,9% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирге;

– 2 же 0,5% мектептеги рэкет боюнча.

33902 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетсек, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.

192 кайрылуунун ичинен 157 же 81,8% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  23 же 12,0% – ички иштер органдарына, 6 же 3,1% – билим берүү органдарына, 2же 1,0% -саламаттыкты сактоо органдарына, 4- же 2,1%  башка уюмдарга жөнөтүлдү.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат.

Түшкөн 657 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан   –185 же 28,2 %;

– Чуй облусу –137 же 20,9%;

– Ош облусу – 110 же 15,2 %;

– Жалал – Абад облусу –  89 же 13,5%;

– Ысык – Көл облусу – 59 же 9,0%;

– Баткен облусу – 41 же 6,2 %;

– Талас облусу – 29 же 3,4 %;

– Нарын облусу –23 же 3,5 %.

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

– 3 өспүрүм убактылуу интернат тибиндеги балдар мекемесине жайгаштырылды;

– 3 бала үй – бүлөдөн алынып, туугандарынын камкордугуна убактылуу берилди;

– 19 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан изилденип чыгып, каттого алынды;

– 5 үй-бүлө менен райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын балдарды жана үй – бүлөөнү коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери  тарабынан балдарды тарбиялоо жана багуу тууралуу алдын алуу иштери жүргүзүлдү;

– 16 абонентке тийиштүү маммлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди;

– 1 балага туулган тууралуу күбөлүк алууга жардам көрсөтүлдү;

– балдарга карата болгон ырайымсыз мамиле тууралуу 1 факты боюнча шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мектептин мугалимдери менен сүйлөшүү жүргүзүлдү;

– 1 үй – бүлөгө жеригиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү;

– 1 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

Пайдалуу
Ссылкалар