Гендердик суроолор боюнча бөлүмү БУУ менен биргеликте Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо: жетишкендиктери жана чакырыктары тууралуу улуттук консултацияларды өткөрдү

2019-жылдын 4-5-9-10 апрелинде, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жыйын залында, Гендердик суроолор боюнча бөлүмү БУУнун агенттигинин колдоосу менен (БУУнун Аялдар түзүмү, ЮНИСЕФ жана БУУӨП) Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо: жетишкендиктери жана чакырыктары тууралуу улуттук консултацияларды өткөрдү.

2019-жылы, Кыргызстан бардык БУУга мүчө-мамлекттердин катарында Пекин+25 улуттук сереп өттү. Улуттук серептин максаты гендердик теӊчиликти жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүдөгү, ошондой эле туруктуу өнүгүү жаатындагы Максаттарды улутташтыруу контекстинде жаӊы артыкчылыктарды аныктоодо мамлекеттик иш-чараларды илгерилетүү боюнча жетишкендике баа берүү болуп эсептелет. Бул сереп 2019-2020-жылдарда Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттеринин (1995-ж.) кабыл алынышынын 25 жылдыгын жана туруктуу өнүгүүнүн 2030-жылга чейинки Күн тартибинин кабыл алынышынын беш жылдыгын белгилөө алкагында, регионалдык жана глобалдык жолугушууларда сунушталат.

Консультацияларда гендердик маселелер боюнча жооптуу Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жарандык коомдун өкүлдөрү, БУУнун агентиги жана эл аралык уюмдар катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар