Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 1-апрель айына карата эмгек рыногу

Кыргыз Республикасынын калкынын саны баа берүүчү маалыматтар боюнча 2019-жылдын 1-февраль айына карата 6 млн. 401,1 миң адамды түзгөн[1].

Экономикалык жактан активдүү калк 2525,2 миң адамды түзгөн.

Иштеген калктын саны 2351,2 миң адамды түзгөн, жумушсуздардын саны 174,0 миң адамды түзгөн.

Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 6,9%ды түзгөн.

2019-жылдын 1-апрель айына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 3,1%ды түзгөн.

 Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 99,5 миң адамды түзгөн.

 Расмий катталган жумушсуздардын саны 79,4 миң адамды түзгөн.

2019-жылдын 1-апрель  айына карата бош орундардын саны 7972 бирдикти түзгөн, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук болгон. 2019-жылдын 1- апрель айына карата 5146 жумушчу орун суроо-талап кылынбай калган жана бир бош жумушчу орунга 19 адам талапкер болгон.

2019-жылдын 1-апрель айына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына  кайрылган жарандардын саны  50060 адамды түзгөн.

Алардын ичинен эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча консультацияларды  28252   адам алган.

Отчёттук мезгилде иш менен камсыз кылуу кызматынын  көмөгү астында 6564 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

Мындан тышкары, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү эмгек рыногунда жигердүү чараларды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун белгилүү-бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, 2019-жылдын 1- апрель айына карата иш менен камсыз кылуу кызматтары  тарабынан кесиптик окутууга 1518 адам жөнөтүлгөн.

2019-жылдын 1-апрель айына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 2928 адам жөнөтүлгөн.

2019-жылдын 1-апрель айына карата эмгек рыногунда активдүү чаралар менен (коомдук акы төлөнүүчү жумуштар, кесиптик окутуу,)  4446 жумушсуз камтылган.

[1]  2017–жылдын  январь – февраль социалдык-экономикалык абалы

Пайдалуу
Ссылкалар