Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун 74-жылдыгына карата маалымат

Кыргыз Республикасында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун (мындан ары- УАМС) ардагерлерин социалдык колдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган ай сайын жана жыл сайын берилүүчү төлөмдөр түрүндө жүргүзүлөт.

2019-жылдын 1-апрелине карата республикада 91 УАМС майыптары, 224 УАМС катышуучулары, 17 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 24 Ленинград блокадачылары, ошондой эле 2164 оруктун эмгекчислери, анын ичинде 356 майыптуулугу бар, 9 УАМСта курман болгондордун жесирлери, УАМСтан кийин каза болгондородун жесирлери жашайт.

2010-жылдын 1- январынан тартып УАМСтун ардагерлери ай сайын жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияны төмөнкү өлчөмдө алышат:

  • УАМСтун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары – 7000 сом;
  • майыптуулугу бар оруктун эмгекчилери жана эмгек армиячылары – 2000 сом;
  • УАМСта курман болгондордун жана согуштан кийин каза болгон согуштун катышуучуларыны жесирлери, майыптыгы жок оруктун эмгекчилери – 1000 сом.

Мындан тышкары, УАМСтун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген үстөктү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин ай сайын өмүр бою берилүүчү 10000 сом өлчөмүндөгү стипендияларын алышт.

Жыл сайын республикалык бюджеттин каражаттарынан 9- майга карата бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул төлөнөт:

– УАМС тун катышуучулары, майыптары, Лениград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары- 15 000 сом;

– майыптыгы бар оруктун эмгекчилери, эмгек армиячылары, УАМСта курман болгондордун жана согуштан кийин каза болгондордун согуштун катышуучуларыны жесирлери, майыптыгы жок оруктун эмгекчилери – 10 000 сом.

2019-жылдын 1-апрелине карата КР-нын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан:

9 майыптык кресло-коляска берилген, анын ичинен:

– 5 УАСтын майыптары;

– 4 УАСтын катышуучулары.

25  протездик-ортопедиялык буюмдар, анын ичинен:

– 9 УАСтын майыптары;

– 10 УАСтын катышуучулары;

– 1 Ленинграддын блокадачысы;

– 1 жашы жете элек туткундар;

– 4 майыптыгы бар оруктун эмгекчилери.

Социалдык кызматкерлер 501 УАСтун ардагерлерин үйүнө барып социалдык кызматтарды көрсөтөт, анын ичинен:

– 22 УАСтын майыптары;

– 38 УАСтын катышуучулары;

– 3 Ленинграддын блокадачылары;

– 1 жашы жете элек туткуну;

– 53 майыптыгы бар оруктун эмгекчилери;

– 206 майыптыгы жок оруктун эмгекчилери;

– 172 УАСтын жесирлери жана УАСтын майыптары;

– 6 УАСта курман болгон  үй бүлө мүчөлөрү.

Социалдык стационардык мекемелерде 4 ардагер жашат, анын ичинен:

– 1 майыптыгы жок оруктун эмгекчиси;

– 2 УАСтун жесирлери жашайт.

Мындан тышкары, 9-майда Жеңиш күнүн майрамдоого карата жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана бюджеттик каражаттардан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка демөөрчүлөр жогоруда аталган категорияларга материалдык жардам көрсөтөт.

Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана демөөрчүлүк жардамдын эсебинен жыл сайын жер-жерлерде 9-майды майрамдоого УАМСтун ардагерлерин урматтоо салтанаты майрамдык иш-чараларды өткөрүү, белектерди тапшыруу менен чай ичүү жана кошумча материалдык жардам көрсөтүү  боюнча салтанаттуу иш-чаралар өткөрүп турат.

Пайдалуу
Ссылкалар