«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун апрель айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1 – апрелинен  30 – апрелине чейин 13167 телефондон кайрылуу, же бир суткада 439 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 142 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 24 же 16,9 % жаш балдардан, ал эми 118 же 83,1 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 78 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 17 абонентке психологиялык консультация берилди, 47 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 142 чалуунун  ичинен эркектерден – 20 (14,1 %), аялдардан – 98 (69,0 %), балдардан – 24 анын ичинен эркектер – 5 (20,8 %), кыздардын – 19 (79,2%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 54 абонент чалган;

– балдарга карата зомбулук, ырайымсыз мамиле болгон тууралуу – 15;

– психологиялык жабырлануудан – 13;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 12;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 11;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 11;

– билим берүү системасы боюнча – 9;

– балдарга карата кайдыгерлик мамиле тууралуу – 5;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу – 4;

– башка суроолор менен – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 3;

– медициналык камсыздоо жөнүндө- 1.

13025 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 66;

– Чуй облусунан –  22;

– Жалал – Абад облусунан –  18;

– Ыссык – Көл облусунан – 11;

– Ош облусунан – 10.

– Нарын облусунан – 9;

– Баткен облусунан – 3;

– Талас облусунан – 3.

Пайдалуу
Ссылкалар