Чуй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн терапиялык, окутуу жана реабилитациялоо борбору ачылды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева аталган борбордо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар физиотерапиялык,  дене-тарбия жана ден соолугун калыбына келтируу кызматтарын алышаарын белгиледи.

Борбордо адистер балдарды пикир алышууга, үйдө өзүн-өзү тейлөөгө, коомдук жайларда жүрүм-турумга үйрөтөт. Мындан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан үй-бүлөлөрдү үй шартында ден соолугун калыбына келтирүү боюнча ыкмаларды колдонуу үйрөтүлөт жана консультациялар берилет.

Пайдалуу
Ссылкалар