«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын майайынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 8 – майынан     15 – майына чейин 2018 телефондон кайрылуу, же бир суткада 399 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 23 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 4 же 17,4 % жаш балдардан, ал эми 19 же 83 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 10 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 23 чалуунун  ичинен эркектерден – 5 (21,7 %), аялдардан – 14 (60,8 %), балдардан – 4, анын ичинен  кыздардан – 3 (75 %), эркек балдардан – 1 ( 25% ).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 7 абонент чалган;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу-6;

– мамлекеттик органдардын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн, ОАБО  кызматкерлерине нааразычылык – 2;

– ар кандай жардам берүү – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

-баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамиле тууралуу – 1;

– балдарга карата кайдыгерлик мамиле тууралуу – 1;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 1;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 1;

– борбордун иши туралуу маалымат – 1.

2795 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  8;

– Нарын облусунан – 5;

– Чуй облусунан –4;

– Жалал – Абад облусунан –  3;

– Ош облусунан – 2;

– Ыссык – Көл облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар