15-майдан тартып Кыргыз Республикасында «Биздин балдар – планетанын келечеги!» аттуу бир айлык өтүүдө.

Бир айлыктын алкагында үй-бүлөлүк баалулуктарды бекемдөө жана балдар менен ата-эненин мамилелерин өнүктүрүүчү маданий-массалык, эс алуу жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Министрликтин маалыматы боюнча бир айлык 15-июнга чейин созулуп, анын алкагында жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан балдардын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда үй-бүлөлүк баалулуктарды сактоого багытталган спектаклдер, концерттер уюштурулат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында үй-бүлөлүк мамилелерде руханий адеп-ахлактык салттарды сактоого жана үй-бүлөлүк тарбиялоого багытталган балдардын чыгармачылык конкурстары, фестивалдары, “Менин үй-бүлөм” темасында мектеп дилбаяндары боюнча конкурстар өткөрүлөт.

Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган үй-бүлөлөрдүн ата-энелери жана балдары үчүн майрам өткөрүү жана 50 же андан ашык жыл жашаган жубайларды куттуктоо боюнча иш-чаралар уюштурулат.

Пайдалуу
Ссылкалар