2019-жылдын 27-майында Россия Федерациясынын Москва шаарынан медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 6 бала  Кыргыз Республикасына кайтарылды 

 2019-жылдын 27-майында Россия Федерациясынын Москва шаарынан медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 6 айдан 1,5 жашка чейинки  6 бала  Кыргыз Республикасына кайтарылды. 

Балдардын кайтарылышы Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин  консулдук бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Кыргыз Республикасынын аймагына келиши менен кайтарылган балдардын ичинен 1 бала тууганчылык байланышы бар үй-бүлөгө жайгаштырылган.

Ал эми калган балдар боюнча, Министрлик тарабынан алардын  биологиялык үй-бүлөлөрү менен кайта биригүүсү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча  2011-жылдан бери Мекенине 98 ата-энесинин көзөмөлчүлүгү жок калган бала, анын ичинен 2018-жылы -16, 2019-жылы – 6 бала кайтарылган.

 

Пайдалуу
Ссылкалар