Министр Улукбек Кочкоров “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборунун тарбиянуучуларын Балдарды кооргонун эл аралык күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды

30-майда , министр Улукбек Кочкоров “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборунун тарбиянуучуларын Балдарды кооргонун эл аралык күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри куттуктоо сөзүндө, Балдар – биздин келечегибиз, алар чоң адамдардын ар тараптуу колдоосуна дайыма муктаж экендигин баса белгиледи. “Биз канчалык балдарга көп көңүл буруп, татыктуу таалим-тарбия, билим берсек, келечекте күчтүү мамлекет кура алаарыбызга мен терең ишенем”, – дейт Улукбек Кочкоров.

Ал борбордун тарыхына да токтоду. “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборун 30 жыл мурда Германиянын жараны ачкадыгын айтып, ошол мезгилден бери чет өлкөлүк жарандар дайыма колдоо көрсөтүп келгенин белгиледи. Андан тышкары, аталган борбордо учурда социалдык кызматтарды алган балдар мамлекеттик кепилдиктерден четте калбай турганын айтып өттү.

“Бул бордордун тарбиялануучуларынын арасында кандайдыр бир себептер менен жөлөкпул албай калгандар бар экен. Мен биздин кызматкерлерге мыйзам чегинде балдарга тезинен акчалай төлөмдөрдү чегерип берүүнү, андан тышкары балдарга жеке ассистенттерди дайындоону тапшырдым” – деди ал.

Министр балдар ден соолуктарын чыңдоочу, сабак окуучу, тамактануучу, уктоочу бөлмөлөрү менен таанышып чыкты.

Борбордо бүгүнкү күндө 75 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар социалдык кызматтарды алса, анын ичинен 30 бала күнү-түнү ошол жерде жашашат.

Пайдалуу
Ссылкалар