Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин жумалык иши боюнча маалымат
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоонун 2019-жылдын 27 – 31-майынын иш күндөрү.
а) Медико-техникалык бөлүм: Техник-ортопеддер 305 жаранды кабыл алышты, жалпы көлөмдөн протездөөгө 7 жаран, ортопедиялык бут-кийимге 95 жаран, корсет-бандаж буюмдарына ортопедиялык батек жасатууга келгендер 42 жаран, калган 161 жараан даяр болгон протездик-ортопедиялык буюмдарды алганга келгендер.
б) Даяр продукт кампасында сакталууда: 27.05.2019ж., ЛДС гуманитардык чоң кишилердин-8 даана, рычажный майып арабасы-1 даана, балдардын арабасы-1 штук, МТСР негизги балдардын арабасы-1 даана, Церебралдык шал оорусуна (ДЦП) чалдыккан балдардын майып арабалары тип-2 2 даана, тип-3 6 даана, КНР гуманитардык балдардын арабасы –2 даана. Посылка аркылуу жөнөтүү-62.
в) Кадрлар бөлүмү. Май айында кезектеги эмгек өргүсүндө – 7 адам кетти.
г) РПОБМ боюнча кызматкерлердин өз милдеттерин аткаруу учурунда тышкы көрүнүшүнө (дресс код) туруктуу көзөмөл жүргүзүлүдөө.
д) Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлери тарабынан эмгек тартиби сактоо ар дайым каралат.