«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 5 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 5 айында (январь – май) 59778 телефондон кайрылуу, же бир суткада 395 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 927 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 114  же 12,3 % жаш балдардан, ал эми 813 же 87,7 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 576 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 67 абонентке психологиялык консультация берилди, 284 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

927 чалуунун  ичинен эркектерден – 243 (26,2 %), аялдардан – 684 (73,8 %), балдардан – 114 анын ичинен эркектерден – 40 (36,6 %), кыздардан – 74 (63,4%) түшкөн.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 375 абонент чалган;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап –100;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 96;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу – 90;

– билим берүү системасы боюнча – 58;

– психологиялык жабырлануудан – 55;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 54;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу – 32;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 25;

– борбордун иши тууралуу маалымат – 25;

– башка суроолор менен – 20;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 17;

– медициналык камсыздоо жөнүндө- 14;

– мектептеги рэкет – 3;

– социалдык такмактарда таркалган оюндар – 1.

58851 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 295 же 31,8%;

– Чуй облусунан –  188 же 20,3%;

– Жалал – Абад облусунан –  124 же 13,4%;

– Ош облусунан – 111 же 12,0%;

– Ысык – Көл облусунан – 83 же 8,9%;

– Баткен облусунан – 44 же 4,8%;

– Нарын облусунан – 43 же 4,6%;

– Талас облусунан – 38 же 4,1%;

– аноним – 1 же 0,1%.

 

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар