«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун июнь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1 – июнунан  7 – июнуна чейин 2510 телефондон кайрылуу, же бир суткада 357 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 16 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 4 же 25 % жаш балдардан, ал эми 12 же 75 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 7 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 абонентке психологиялык консультация берилди,   6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 16 чалуунун  ичинен эркектерден – 5 (31,3 %), аялдардан – 7 (43,8 %), балдардан – 4, анын ичинен  кыздардан – 1 (25,0 %), эркек балдардан – 3 (75,0 %)

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психикалык жабырлануудан -3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле,  зомбулук болгон тууралуу-3;

– медициналык камсыздоо-2;

– үй-бүлөлүк мамиле жана чыр-чатактар-1;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук-1;

– балдарды тарбиялоо жана өз-ара мамиле-1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле-1;

– ар кандай жардам берүү -1;

– социалдык жардам сурап-1;

– Борбордун иши жөнүндө маалымат-1;

– ар кандай суроолор – 1.

2494 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 5;

– Чуй облусунан – 4;

– Жалал-Абад облусунан – 4;

– Нарын облусунан – 1;

– Ош облусунан – 1;

– Баткен облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар