«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун июнь айынын экинчи жумасынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 8 – 14 –июнуна чейин 2602 телефон кайрылуу, же бир суткада 371 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 26 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 2 же 7,7 % жаш балдардан, ал эми 24 же 92,3 % чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 14 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 2 абонентке психологиялык консультация берилди, 10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 26 чалуунун  ичинен эркектерден – 3 (11,5 %), аялдардан – 21 (80,8%), балдардан – 2, анын ичинен эркек балдардан – 0, кыздардан – 2 (100,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй болду:

– социалдык жардам сурап – 12 абонент чалган;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу – 2;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– башка суроолор менен – 1;

– борбордун иши тууралуу маалымат – 1.

2576 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 11;

– Чуй облусунан –  5;

– Ош облусунан – 3;

– Нарын облусунан – 3;

– Жалал – Абад облусунан –  2;

– Ыссык – Көл облусунан – 1;

– Баткен облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар