Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Тумар” бийчилер тобуна ыраазычылык кат тапшырды  

2019-жылдын, 17-июнунда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Тумар” бийчилер тобуна ыраазычылык кат тапшырды.

“Силер талыкпас эмгегиңер менен зор ийгиликтерге жетиштиңер. Башка адамдарга мисал болуп, дем берип турасыңар. Талатыңар эч канчан өчпөй, дагы көптөгөн конкурстарды жеңгиле. Ар бир кадамыңар чоң жетишкендиктерди алып келсин”, – деди министр Улукбек Кочкоров.

“Тумар” бийчилер тобу алгач 2011-жылы чет өлкөдө өтө турган конкурска биринчи жолу катышуу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилиги тарабынан колдоо тапканын баса белгилеп өттү.

“Тяньши” компаниясынын өкүлү Арстанбек Момукулов, учурда Кытайда өтө турган конкурска “Тумар” бийчилер тобунун катышуусуна жардам берип жаткандарын маалымдады. Буга чейин компания бийчилерди жаңы заманбап кресло-коляскалар менен камсыз кылганын жана мындан ары дайыма колдоого ала тургандарын айтып өттү.

Пайдалуу
Ссылкалар