“Кыргызстандагы жалгыз бой улгайган адамдарга социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүнүн” экинчи программасынын жыйынтыктары жана жетишкендиктерин талкуланды

“Кыргызстандагы жалгыз бой улгайган адамдарга социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүнүн” экинчи программасынын жыйынтыктары жана жетишкендиктерин талкулоо, ошондой эле, улгайган адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн өнөктөштөрдүн мындан аркы иш-чараларын координациялоо боюнча акыркы жыйын (жолугушуу) Бишкекте өттү.

Аталган иш-чаранын катышуучулары Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилегеси менен өлкөдө улгайган адамдардын абалы туураалу изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамы, Министрлик тарабынан улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү тармагында жасалып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

Пайдалуу
Ссылкалар