Министр Улукбек Кочкоров Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту

Бүгүн, 20-июнда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Элчи Валерий Жовтенко калкты социалдык жактан коргоо тармагында эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ал үстүбүздөгү жылдын аягында өкмөттөр аралык комиссия жыйынын Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштайт.

Министр Улукбек Кочкоров өз кезегинде айтылган демилгени колдоорун жана эки өлкөнүн ортосунда тажрыйба алмашуу калкка социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө олуттуу пайда алып келерээрин баса белгиледи.

Ошондой эле, тараптар  социалдык коргоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана келечекте мамлекеттер ортосунда кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Пайдалуу
Ссылкалар