Ош шаардык ЭжСӨБгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине семинар уюштурду

Үй-бүлөлүк баалулуктарды бекемдөө жана балдар менен ата-эненин мамилелеринин өнүктүрүүчү маданий-массалык, эс алуу жана спорттук иш-чаралар планын аткаруу алкагында Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан “Бүчүр” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилиатциялоо күндүзгү борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарадын ата-энелери менен семинар уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө социалдык жөлөкпулдар, мамлекеттик жөлөкпулдар, МСЭКтин ишмердүүлүгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген балдарга жеке ассистент дайындоо, үй-бүлөлүк укук (алимент, ата-энелик укуктан ажыратуу, баланын жашаган жерин аныктоо, балдардын жана ата-энелердин укуктары) жана башка маселелер талкууланып, ар бир суроо жоопсуз калган жок.

Ошондой эле Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан “Аяр бала” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын борборунун кир жуучу жайын оңдоп түзөөгө акы төлөнүүчү коомдук иштери тарабынан жумушсуздар тартылып, акча каражаты чечилди.

Пайдалуу
Ссылкалар