«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун июнь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15 – июнунан 21 – июнуна чейин 3016 телефондон кайрылуу, же бир суткада  427 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 23 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (1 же 4,4  % жаш балдардан, ал эми 22 же 95,6 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 18 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 23 чалуунун  ичинен эркектерден – 7 ( 30,4%), аялдардан – 15 (65,2%), балдардан –  1 анын ичинен эркектер – 0, кыздардын – 1 (100%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 7 абонент чалган;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу- 4;

– башка суроолор менен – 3;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 2 ;

– борбордун иши тууралуу маалымат – 2;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери тууралуу  – 1;

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 1.

2993 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  8;

– Чуй облусунан – 7;

– Ош облусунан – 3 ;

– Ыссык – Көл облусунан – 2;

– Жалал – Абад облусунан – 2;

– Нарын облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар