«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун июль айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1 – 7 – июлунан чейин 2690 телефондон кайрылуу, же бир суткада 384 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 20 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 6 же 30,0 % жаш балдардан, ал эми 14 же 70,0 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 12 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 4 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 20 чалуунун  ичинен эркектерден – 0 (00,0%), аялдардан – 14 (100,0 %), балдардан – 6, анын ичинен эркек балдардан – 0 (00,0 %), кыздардан – 6 (100,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 4 абонент чалган;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу -4;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 3;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 2.

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу – 1;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 1;

– башка суроолор менен – 1.

2670 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 10;

– Чуй облусунан – 6;

– Ысык – Көл облусунан – 2.

– Жалал – Абад облусунан –  1;

– Ош облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар