Сокулуктагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборунда Усенова Вера Усеновна атындагы конференц-зал ачылды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Сокулуктагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборунда Коомдук жана мамлекеттик ишмер, “Даңк” медалынын ээси Усенова Вера Усеновна атындагы конференц-зал ачылды.

5-июлда өткөн ачылыш аземинде Министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев конференц-зал куруп берген “Жароокер” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирип, сыйлык тапшырды.

Аз убакыттын ичинде Реабилитациялык борбордун аймагында курулган өзүнчө имарат заманбап жаңы технологиялык жабдуулар менен да камсыз болду.

Маалымат үчүн: Усенова Вера Усеновна 1991-жылдан баштап көзү өткөнгө чейин социалдык багытта бир топ олуттуу иштерди жасаган. Анын демилгеси менен Бишкек Гуманитардык Университетинде социалдык психологиялык факультети ачылган. Бишкек шаарында “Улгайган жана майып адамдар үчүн реабилитациялык борбор” түзүлгөн. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Максат”, “Балдар үмүтү”, “Ак жол”, “Росток” аттуу борборлор уюштурулган.

Усенова В.У. бир топ чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдары менен тыгыз иш жүргүзүп социалдык чөйрөдө көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган. Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү.

Усенова В.У. көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир нече сыйлыктарына ээ болгон.

Пайдалуу
Ссылкалар