«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын 8 – 15- июлуна чейинки иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 8- июлунан 15 – июлуна чейин 2820 телефондон кайрылуу, же бир суткада 399 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 24 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 3 же 12,5 % жаш балдардан, ал эми 21 же 87,5 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 10 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 14 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 24 чалуунун ичинен эркектерден – 9 (37,5 %), аялдардан – 12 (50,0 %), балдардан – 3, анын ичинен эркек балдардан – 1 (33,3%); кыздардан – 2 (66,7 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 9;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу-4;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3;

-аялдарга карата үй булолук зомбулук корсотүлгонү тууралуу – 3;

– медициналык камсыздоо – 2;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап-1;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата- эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

2820 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 11;

– Чуй облусунан –6;

– Ош облусунан –2;

– Нарын облусунан – 2;

– Ысык – Көл облусунан – 2;

– Талас облусунан – 1

Пайдалуу
Ссылкалар