«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын июль айындагы учунчу жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15- 21- июлуна чейин 2383 телефондон кайрылуу, же бир суткада 340 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 23 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 5 же 21,7 % жаш балдардан, ал эми 18 же 78,3 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 13 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 2 психологиялык консультация берилген. 23 чалуунун  ичинен эркектерден – 3 (13,0 %), аялдардан – 15 (65,2%), балдардан – 5, анын ичинен  кыздардан – 4 (80,0  %), эркек балдардан – 1 ( 20,0  % ).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 8 абонент чалган;

– балдарга карата кайдыгер мамиле -3;

– аялдарга карата үй-бүлолүк зомбулук корсотүлгон тууралуу- 3;

– психологиялык жабырлануудан- 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу-1;

– саламаттыкты сактоо боюнча суроолор -2;  

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамиле тууралуу – 1;

– борбордун иши туралуу маалымат – 1;

– ар кандай жардам берүү – 1.

2360 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат. 

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  8;

– Нарын облусунан – 5;

– Чуй облусунан –4;

– Жалал – Абад облусунан –  3;

– Ош облусунан – 2;

– Ыссык – Көл облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар