Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы 2019-жылдын 7 айы ичинде 827 бирдик протездик буюмдарды даярдады

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева жана Г.А. Альберхта атындагы “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реаблитациялоо федерациялык илимий борборунун” директору Оксана Владимирова Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине карашатуу мамлекеттик Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (РПОБМ) Кыргыз Республикасынын согуштун, эмгектин майыптарын жана майып  балдарды, ошондой эле таяныс-кыймыл оорусуунан жабыркагандарды, буту-колдун протездерин, ортез, тутор, ортопедиялык бут кийим, балдак жана башкапротездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылат.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалынын маалыматы боюнча 2019-жылдын 7 айы ичинде:

  • 5362,5 миң. сомго 827 бирдик протездик буюмдарды;
  • 5000,3 миң. сомго 1267 жуп ортопедиялык бут кийимдерди;
  • 153,3 миң. сомго 210 протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдошкон.

Жыл башынан тартып мекемеге 1533 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылган, анын ичинен 552 си ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

Пайдалуу
Ссылкалар