Министрдин орун басары Жаныл Алыбаева «Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмесинин түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

7-август күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаӊыл Алыбаева «Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмесинин түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Иш-чаранын алкагында Жаныл Алыбаева “Манас” Социалдык айылы” Коомдук бирикмесинин үзүрлүү эмгегин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен тыгыз кызматташтыгы үчүн Министрликтин “Социалдык коргоонуну отличниги” төш белгисин:

  • «Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери – Джумабеков Алтынбек Джумабековичке;

Министрликтин Ардак грамотасын:

  • «Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмесинин башкы эсепчиси – Тыналиева Зарема Кочкомбаевнага;
  • «Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмесинин демөөрчүсү – Лауренс Кремерге;

Министрликтин Ыраазычылык катын:

  • «Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмесинин демөөрчүсү – Хайке Фальбергге тапшырды.

«Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмеси балдар үйү жана балдар интернаты тибиндеги мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн социалдык жана инсандык өнүгүүсүн өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларды өткөрөт  жана алардын кесиптик жактан өзүн-өзү аныктоого жана социалдык адаптациясын жогорулатууга жардам берет. Социалдык айылдын жашоочуларын толук кандуу тамактануусун камсыздайт жана кийиз устаканасына сырье берүү менен туруктуу эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылат.

Учурда социалдык айылда «Үмүт-Надежда» балдар реаблитациялык борборунун жана Беловодск балдар интернетынын  бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле, үйдөн келген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 23 жаштар жашайт.

Иш-чарада жаш балдар эмгек көндүмдөрүнө ээ болуп, Германияда ишке ашчу улуттук буюмдарды жасап жана фермердик чарбаны (уй сарай, тоокана, теплица) өнүктүрүп башташканы белгиленди.

Социалдык айыл өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик социалдык заказдын алкагында социалдык долбоорлорду ишке ашырды.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык министрлиги төмөнкү сумманы бөлгөн:

-2010-жылы 200,0 миӊ сом;

-2011-жылы 181,1 миӊ сом;

-2014-жылы 499,4 миӊ сом;

-2016-жылы 1000, 0 миӊ сом;

-2018-жылы 467,0 миӊ сом;

-2019-жылы 400,0 миӊ сом.

 

Пайдалуу
Ссылкалар