КР ЭСӨМ: 2-сентябрь жумуш күнү
2-сентябрь жумуш күнү экендигин КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдайт.
Эске салсак, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн – 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө жылдырылган.
2019-08-16