У.Кочкоров: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлдөө күчөтүлөт

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров БУУнун Кыргыз Республикасындагы  Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Прогораммасынын  директору  Андреа Баньоли менен жолгушууда билдирди.

Министр жолугушууда БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Прогораммасы Кыргызстанга бир нече жылдан бери колдоо жана жардам берип жатканына ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташуу уланаарына терең ишенээрин билдирди.

“Жеке өзүм айрым долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышып чыктым. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аймактык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары ортосунда кызматташууда кыйынчылыктар жаралып жатканын жана ага тыкыр көзөмөл жана көӊүл буруу керек экендигин баса белгилеп кетким келет. Тактап айтканда, калк үчүн социалдык-маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда комплекстүү мамиле жана алардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн активдүү мониторинг зарыл”,  –деди У.Кочкоров.

Өз кезегинде, Андреа Баньоли өлкөнүн беш облусунда 90 миӊ адам катышкан 800 долбоор ишке ашкандыгын айтып өттү.

“Долбоордун катышуучулары же аларды үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү коомдук-пайдалуу ишти аткарууда же профессионалдык көндүмдөрдү үйрөтүүдө азык-түлүк түрүндө компенсация алышты, муну менен бирге катышуучулардын бир бөлүгү компенсация түрүндө акчалай каражат алышты”, – дейт ал.

БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы мындан ары да кызматташууга жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Эки тарап жолугушуунун жыйынтыгында бул багыт боюнча иштерди жакшыртуу, жана ошондой эле жакырчылыкты жоюуга багытталган биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл экендигин белгилешти.

 

Пайдалуу
Ссылкалар