КРнын ЭСӨ Министрлиги Айнура Телеушеваны жана Укей Мураталиеваны Кыргызстанды Финляндияда татыктуу көргөзгөндүгү үчүн куттуктайт

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «Love-Live» коомдук бирикмесинин жетекчиси Айнура Телеушеваны жана «Назик кыз» коомдук бирикмесинин төрайымы Укей Мураталиеваны Кыргыз Республикасын Финляндияда өткөн «Finnish Wheelchair dance sport» арабада бал бийи боюнча татыктуу көргөзгөндүгү үчүн куттуктайт.

Министрлик, айымдарга терең ыраазычылык билдирип, мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди каалайт.

Конкурстун «Фристайл» категориясында катышкан Айнура Телеушева күмүш медалына ээ болсо, Укей Мураталиева 6-чы орунду алды.

Ошондой эле, Айнура Телеушева 14-15-сентябрда Челябинск шаарында (Россия Федерациясы) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар арасында өткөн «Рожденная побеждать» конкурсунда Кыргызстандын атынан чыкты. Аталган конкурста беш өлкөнүн өкүлдөрү катышты: Казахстандан, Кыргызстандан, Таджикистандан, Украинадан жана Россия Федерациясынан.

http://kabar.kg/kyr/news/finliandiiadagy-bii-zharyshy/

Пайдалуу
Ссылкалар