КРнын ЭСӨ Министрлигинде массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн чыр-чатактуу зонадан балдарды кайтарып келүү боюнча «Бала деген бала» аттуу семинар-тренинг болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн чыр-чатактуу зонадан балдарды кайтарып келүү боюнча «Бала деген бала» аттуу семинар-тренинг болуп өттү.
Белгилүү болгондой, Ирак Республикасынан жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана кайра интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумуш топ түзүлгөн. Жакынкы арада жумуш топ тийиштүү документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына баруусу пландалды.
«Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан даярдалган материалдар, тартылган сюжеттер менен коомчулуктун оюн калыптандырууга болот. Бул тренинг балдарды кайтарып келүүдө балдардын кызыкчылыгын эске алуу менен, өзгөчө алардын келечегине терс залакасын тийгизбегендей чагылдыруу үчүн атайын өткөрүлүүдө», – дейт министрдин орун басары Ализа Солтонбекова.
Тренингде чагылдыруунун кемчиликтери жана кошуна өлкөлөр жарандарын алып келген позитивдүү учурлар, аялдарга жана балдарга байланышкан маселелерди чагылдырууда этикалык нормалар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы аялдар жана балдар катышкан экстремизм маселелерин чагылдырууда көп учурда укуктук бузууларга алып келген көрсөтүүлөр талкууланды.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун «ЮНИСЕФ» Балдар фондунун колдоосу менен уюшулду.

Пайдалуу
Ссылкалар