Министрлик “Бабушка эдопшен” Коомдук кайрымдуулук фондун 20 жылдык мааракеси менен куттуктады

25-сентябрда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атынан министрдин орун басары Жаныл Алыбаева “Бабушка эдопшен”  Коомдук кайрымдуулук фонддун жалпы жамаатын 20 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Өз сөзүндө, ал Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында социалдык кызматкерлерге улгайган жарандары тейлөө боюнча атайын окутуу уюштурулгандыгына ыраазычылык айтып, биргеликте улгайган жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган аракеттерди белгиледи.

Жаныл Алыбаева “Бабушка эдопшен”  Коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчисине “Социалдык коргоонун отличниги” төш белигисин тапшырды.

Пайдалуу
Ссылкалар