Ош шаарында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн чыр-чатактуу зонадан балдарды кайтарып келүү боюнча «Бала деген бала» аттуу тренинг өттү

27-сентябрда, Ош шаарында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн чыр-чатактуу зонадан балдарды кайтарып келүү боюнча «Бала деген бала» аттуу семинар-тренинг болуп өттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун «ЮНИСЕФ»  Балдар фондунун колдоосу менен уюштурулган иш-чарага КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова катышты.

Тренингде чагылдыруунун кемчиликтери жана кошуна өлкөлөр жарандарын алып келген позитивдүү учурлар, аялдарга жана балдарга байланышкан маселелерди чагылдырууда этикалык нормалар, ошондой эле аялдар жана балдар катышкан экстремизм маселелерин чагылдырууда көп учурда укуктук бузууларга алып келген көрсөтүүлөр талкууланды.

 

Пайдалуу
Ссылкалар