Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Балдардын автоматташтырылган маалымат базасы баланын укуктарын коргоонун натыйжалуулугун арттырат

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жумуш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барды. Сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына, Жээк айылындагы «Гүлзар балдар борбору» мекемесине жана Красная Речка айылындагы Красная Речка атайын жалпы билим берүү (кошумча) жатак мектебине барды.

Алтынай Өмүрбекова сапардын башында оор жашоо шартындагы балдардын автоматташтырылган маалымат базасынын пилоттук процессине мониторинг жүргүздү.

Бул долбоор Чүй облусунун үч районунда жана Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук түрдө ишке ашырылууда. Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт. Бала аныкталган учурдан тарта бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт. Аны алуу мүмкүндүгү милиция кызматкерлеринде, Билим берүү жана илим министрлигинде, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде, Мамлекеттик чек ара кызматында жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында бар. Ар бир орган бала кандай жардамга муктаж экендигин дароо аныктайт.

Вице-премьер-министр эске салгандай, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөттүн токтому кабыл алынган, анын алкагында социалдык кызматкердин ыйгарым укуктарын айыл өкмөтүнө делегирлөө жүргүзүлөт. 950 социалдык кызматкер өткөрүп берилүүдө, алар кыдыруу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо иштерин алып барышат.

«Социалдык кызматтардын кызматкерлери турмуш шарты оор балдарды аныктап, аларды маалымат базасына киргизишет. Анын негизинде ар бир баланын кызматтарды керектөөсүнө баа берилет. Мында тиешелүү органдардын, милиция кызматкерлери жана дарыгерлер көрө турган белги пайда болот, алар ыкчам чара көрүшөт. Тагыраагы балдардын укуктарын коргоого тез жооп кайтарылат. Ошондой эле бул кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорлатууну шарттайт. Эгерде канча бир убакыттан кийин, алсак, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери бала тууралуу маалыматты көрүп, ага жооп кайтарышпаса, маалымат базасында эч кандай чара көрүлбөгөнү тууралуу белги берилет», – деп түшүндүрдү Алтынай Өмүрбекова.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, бул механизм тийиштүү органдар үчүн мыкты жардам көрсөтөт жана балдар көңүлдөн тышкары калбайт.

Вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылы Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгы белгиленип жатканын эскертти.

Андан соң вице-премьер-министр Жээк айылындагы «Гүлзар балдар борбору» мекемесине барды. Учурда мында жетим балдар жана ата-энесинин кароосуз калган, узак мөөнөттүү калыбына келтирүү-дарылоого муктаж балдар жашашат.

Алтынай Өмүрбекова балдарды тарбиялоо шарттары менен таанышты. Мекеменин кызматкерлери вице-премьер-министрге ар бир бала тууралуу жазылган маалымат базасы тууралуу айтып беришти. Анда бала кайсы райондон келген, эмне себеп болгон жана кандай жардам көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат бар.

Андан кийин вице-премьер-министр мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Красная Речка жатак мектебинен кабар алды. Анда 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы ата-энесинин кароосуз калган балдар, өлкөнүн ар кыл аймактарынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат жана жашашат. Бул мектеп оптимизациялоо боюнча планга киргизилген.

Мында ага 2019-2021-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жатак түрүндөгү балдар мекемелери тутумун реформалоо боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын ишке ашыруу жана жатак түрүндөгү балдар мекемелери тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттердин планынын долбоору тууралуу маалымат беришти.

Вице-премьер-министр Президент балдар үчүн керектүү шарттарды түзүү менен жатак түрүндөгү балдар мекемелери тутумун реформалоо зарылдыгына өзгөчө басым жасаганын эске салды.

«Бул өтө талыкпаган эмгек, ал Өкмөттүн жана жарандык коомдун биргелешкен күч-аракеттерин талап кылат. Үй-бүлөлөргө кайткан балдар камкордукту сезип, алар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүшү кажет. Ал эми алардын үй-бүлөлөрүнө комплекстүү колдоо көрсөтүлөт», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Пайдалуу
Ссылкалар