«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын октябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1 – 7  октябрына чейин 2984 телефондон кайрылүү, же бир суткада 426 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 20 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 4 же 20, 0 % жаш балдардан, ал эми 16 же 80, 0 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 11 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 4 психологиялык консультация берилген.

20 чалуунун  ичинен эркектерден – 3 (15, 0 %), аялдардан – 13 (65, 0 %), балдардан – 4, анын ичинен  кыздардан – 4 (100, 0 %), эркек балдардан – 0.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 8 абонент чалган;

– психологиялык консультация алуу- 4;

– үй-бүлөөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле – 1;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу-1;

2964 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 7 жэ 35, 0 %;

– Жалал – Абад облусунан –  5 жэ 25, 0 %;

– Ош облусунан – 4 жэ 20, 0 %;

– Чуй облусунан – 3 жэ 15, 0 %;

– Ыссык – Көл облусунан – 1 жэ 5, 0 %.

Пайдалуу
Ссылкалар