«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун ноябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын  1 – 7 – ноябрына чейин 3124 телефондон кайрылуу  (же бир суткада 446 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 17 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 3 же 17,6 % жаш балдардан, ал эми 14 же 82,4 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 14 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

17 чалуунун  ичинен эркектерден – 1 (5,9 %), аялдардан – 13 (76,5 %), балдардан – 3, анын ичинен  эркек балдардан – 2 (66,7 %), кыздардан – 1 (33,3 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– финансылык, юридилык жана башка жардам сурап – 7 абонент;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат алуу- 2;

– социалдык жардам сурап-1;

– үй – бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу– 1;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелер жөнүндө– 1;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1 абонент чалган.

3124 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 8 жэ 47,0 %;

– Жалал-Абад облусунан – 2 жэ 11,7 %;

– Нарын облусунан – 2 жэ 11,7 %;

– Ыссык – Көл облусунан – 2 жэ 11,7 %;

– Чуй облусунан – 1 жэ 5,8 %;

– Ош облусунан – 1 жэ 5,8 %;

– Баткен облусунан – 1 жэ 5,8%.

Пайдалуу
Ссылкалар