“Спотлайт” глобалдык демилгесинин алкагында өнөктөш уюмдардын жана эксперттердин консультациялык жолугушуу Ош шаарында өттү

“Спотлайт” глобалдык демилгесинин алкагында, гендердик зомбулукту жоюу программанын долбоору боюнча, өнөктөш уюмдардын жана эксперттердин консультациялык жолугушуу бүгүн, Ош шаарында өттү.

Аталган иш-чарага КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош, Джалал-Абад, Баткен облустарындагы  ведомстволор аралык техникалык жумушчу тобуна киргизилген   министрлик жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

“Учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылууга багытталган узак мөөнөттүү “Спотлайт” глобалдык демилгени ишке ашырууну баштап жатат. Бул демилге аялдардын гендердик тенчилигин камсыз кылууга, зордук-зомбулук жана ж.б.у.с. көйгөйлөрдү чечүү боюнча 2030-жылга чейинки мезгилдүү туруктуу өнүктүрүү күн тартибине ылайык багытталган” – дейт Жаныл Алыбаева.

Аталган демилгенин негизги максаты кодулоонун кайчылашкан түрлөрүнө кабылган аялдар жана башка калктын аярлуу катмарларынын кызыкчылыктарын көздөгөн (айыл калкынын саны, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар жана кыздар) Аялдардын укуктары боюнча иш алып барган топтордун жана башка кызыкдар тараптардын толук катышуусу болуп саналат.

Пайдалуу
Ссылкалар