“111” балдар үчүн ишеним телефонун маалымдоо максатында Бишкек шаарында флешмоб өттү

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана ЮНИСЕФ балдар фонду менен биргеликте 111 балдар үчүн ишеним телефонун маалымдоо максатында флешмоб өткөрдү.

Аталган иш-чара Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулуусунун 25 жылдыгынын алкагында өттү.

Максаты: Балдардын укуктук маданиятын өнүктүрүү. Адеп-ахлактык сапаттарын өстүрүү менен бирдикте балдардын коомдун бир мүчөсү катары өзүнүн укугун жана милдеттерин эске салуу. Балдардын укугу бузулган учурда 111 ишеним телефондоруна байланышуу керектигин жеткирүү.

 

Пайдалуу
Ссылкалар