«Үй-бүлɵлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чɵйрɵсүндɵгү мыйзамды ишке ашыруунун механизмдери» темасындагы терегек үстөл өттү

«Үй-бүлɵлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чɵйрɵсүндɵгү мыйзамды ишке ашыруунун механизмдери» темасындагы терегек үстɵл Бишкек шаарында өттү.
Иш-чаранын катышуучулары үй-бүлɵлүк зомбулук кɵйгɵйүн чечүүгɵ натыйжалуу жана координацияланган мамиле кылуу үчүн биргелешкен ведомстволор аралык механизмдер жɵнүндɵ талкуулашты.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, ар түрдүү изилдɵɵлɵрдүн жана сурамжылоолордун кɵрсɵткүчтɵрү жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, кɵпчүлүк учурда үй-бүлɵлүк зомбулуктан үй-бүлɵнүн кɵбүрɵɵк аярлуу мүчɵлɵрү балдар, улгайган адамдар, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана аялдар жабыркашат. Изилдɵɵлɵр үй-бүлɵлүк зомбулуктун жабырлануучуларынын 97% аялдар экендигин тастыктады, балдардын 30% үй-бүлɵдɵгү дене бойлук зомбулуктан азап тартышат жана сурамжылоого катышкандардын ичинен 71% үй-бүлɵдɵ улгайган адамдарга карата зомбулук жасала тургандыгы белгиленди.
Үй-бүлɵлүк зомбулук кɵйгɵйү турмуштук оор кырдаалга кирет жана үй-бүлɵлүк зомбулуктан коргоо чɵйрɵсүндɵгү мыйзам, үй-бүлɵлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага таасир этүү, ошондой эле жабырлануучуларды коргоо үчүн бардык субьектилердин ведомстволор аралык ɵз ара аракеттенишүү системасын түзүүнү караштырат. Өкмɵт мамлекеттик органдардын ɵз ара аракеттенишүү тартибин, жабырлануучуларга жардам кɵрсɵтүүнүн тартибин жана типтүү оңдоп түзɵтүү программасын жɵнгɵ салуучу тиешелүү документтерди кабыл алды.
Иш-чара«Демократиялык процесстерди изилдɵɵ» коомдук фонду менен биргеликте, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун жана Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин колдоо кɵрсɵтүүсү астында ɵткɵрүлдү.

Пайдалуу
Ссылкалар