20 – ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү, Бишкек шаарында гала-концерт өттү

20 – ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган гала-концерт өттү.
Иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, КРнын Акыйкатчысы Токон Мамытов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана бардык региондордон келген балдар катышты.
Гала-концерттин алкагында балдар, Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда камтылган маалыматтарды айтып беришти.

Пайдалуу
Ссылкалар