«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын ноябрь айынын үчүнчү жумасынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15 – 21 ноябрына чейин 2821 телефондон кайрылуу, же бир суткада 403 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 42 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 10 же 23,8 % жаш балдардан, ал эми 32 же 76,2 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 22 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 11 психологиялык консультация берилген.

42 чалуунун  ичинен эркектерден – 6 (14,3 %), аялдардан – 25 (59,5 %), балдардан – 10: анын ичинен  эркек балдардан – 1 (10,0 %), кыздардан –  9 (90,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– социалдык жардам сурап – 5;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин өз ара мамилелери тууралуу – 4;

– ар-кандай суроолор менен – 4;

– үй – бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– рэкет тууралуу – 1;

– суицид тууралуу – 1.

2779 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –   19 же (45,3%);

– Чуйская облусунан – 10 же (23,8%);

– Жалал – Абад облусунан – 5 же (11,9%);

– Ыссык-Көл облусунан – 3 же (7,1%);

– Баткен облусунан – 2 же (4,8%);

– Нарын облусунан – 2 же (4,8%);

– Ош облусунан -1 же (2,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар