«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын 11 айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 11 айында 130303 телефондон кайрылуу (же бир суткада 394 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 1679 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 238 же 14,2 % жаш балдардан, ал эми 1441 же 85,8 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 1023 абонентке сунуштар жана консультациялар берилди, 151 абонентке телефон аркылуу психологиялык консультация берилди, 468 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталды.

1679 чалуунун  ичинен эркектерден – 421 (25,1 %), аялдардан – 1258 (74,9 %), балдардан – 238: анын ичинен  эркек балдардан – 74 (31,1 %), кыздардан –  164 (68,9 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 523;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 205;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 173;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 156;

– психологиялык жабырлануудан – 131;

– билим берүү системасы боюнча – 102;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 89;

– балдарга карата кайдыгер мамиле – 65;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин өз ара мамилелери тууралуу – 62;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 57;

– ар-кандай суроолор менен – 38;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 38;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 30;

– мектептеги рэкет жөнүндө – 7;

– суицид боюнча – 2;

– соцтармактарда интернет оюндарды таркатуу тууралуу – 1 абонент.

128624 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –   637 же (38,0%);

– Чүй облусунан – 327 же (19,5%)

– Жалал – Абад облусунан – 6211 же (12,5%);

– Ош облусунан – 182 же 10,8%;

– Ысык-Көл облусунан – 131 же (7,8%);

– Нарын облусунан – 70 же 4,2%);

– Баткен облусунан – 69 же (4,1%).

– Талас облусунан – 51 же 3,0%;

– анонимден – 1 же 0,1%.

Пайдалуу
Ссылкалар