«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын декабрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1-декабрьнан 8-декабрьна чейин 3150 телефондон кайрылүү, же бир суткада 450 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 43 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 4 же 9,3% жаш балдардан, ал эми 39 же 90,7% чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 31 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 3 психологиялык консультация берилген.

43 чалуунун  ичинен эркектерден – 10 (23,3%), аялдардан – 29 (67,4%), балдардан – 4, анын ичинен  кыздардан – 3 (75,0%), эркек балдардан –  (25,0% ).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 9;

– социалдык жардам сурап – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 5;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу – 3;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– медициналык камсыздоо боюнча суроолор – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 2;

– ар кандай суроолор менен – 1.

3107 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  14 же (32,6%);

– Чуй облусу – 9 же (21,0%);

– Жалал – Абад облусунан – 5 же (11,6%);

– Ош облусунан – 5 же (11,6%);

– Нарын облусунан – 3 же (7,0%);

– Ыссык – Көл облусунан – 3 же (7,0%);

– Талас облусунан – 2 же (4,6%);

– Баткен облусу – 2 же (4,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар