2 декабрда, Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүгү чектелген адамдар арасында өткөн шахматтык турнир жыйынтыкталды.

2 декабрда, Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүгү чектелген адамдар арасында өткөн шахматтык турнир жыйынтыкталды.

Турнир бир нече күн өтүп, ага өлкөнүн бардык региондорунан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышты. Жеңүүчүлөргө КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров дагы сыйлыктарды тапшырды.

“Кыргызстанда 187 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт, алардын 31 миңи 18 жашка чейинки балдар болуп эсептелет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шартын жакшыртуу максатында, быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясы ратификацияланды. Министрлик бул жаатта бир топ иштерди алып барууда. Быйылкы жылы санатордук-курорттук дарыланууга жолдомолорду 4 эсеге, ал эми майыптык арабалардын санын 3 эсеге көбөйттүк. 2020-жылдан тартып аталган социалдык кызматтарды алуу үчүн электрондук база түзүлөт. Бул ачык-айкындыкты камсыз кылат”, – дейт министр өз сөзүндө.

Пайдалуу
Ссылкалар