Министр Улукбек Кочкоров “Балдар башкарат” акциясынын алкагында Тилеген Рахатбековдун тилегин орундатты

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Балдар башкарат” акциясынын алкагында министрдин милдетин убактылуу аткарган Тилеген Рахатбековдун тилегин орундатты.
Акция 18-ноябрда, Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгына жана Кыргыстанда Конвенциянын ратификациялангандыгынын 25 жылдыгына карата өткөн. Анда он беш жаштагы Тилеген Рахатбеков өзү окуган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталган №21 мектеп-интернатында китептер, шахматтык доскалар жетишсиздигин министрге маалымдаган.
“ Мындан 1 ай мурда Рахатбеков Тилеген деген өспүрүм биздин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин символикалуу түрдө 2 сааттай башкарып, өзү окуган Дүлөй балдар үчүн атайын орто мектеп-интернатка окуу китептери жетишсиз экенин, шахматтык доскалар зарыл экендигин айткан эле. Мен аны министрдин тапшырмасы катары кабыл алып, 1 ай ичинде аткарганга жетиштик. Тилегендин министрлик кызматты аркалагандыгы, анын тапшырмалары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабардар болушкан “Human Appeal International” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Али Айоуб, жеке ишкер, колунан көөрү төгүлгөн уста Жумабек Мамажанов кайрымдуулук үчүн кол сунуп, Тилегендин тилегин орундатып келдик. Ар дайым турмуш шарты оор жарандарга колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук көрсөтүү ниетинде жүргөн жогорудагы эки инсанга ыраазычылык билдирем. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын орто мектеп-интернатка сапарыбыз мектептин 85 жылдык мааракесине да дал келип, алып барган 210 миң сомдук китептин сертификаты, шахмат, шашки жана башка спорттук инвентарлар мектепке майрамдык белек болуп калды”, – дейт Улукбек Кочкоров.
Белгилей кетчү жагдай, Тилеген шахмат боюнча эл аралык мелдешке кетип, тилекке каршы иш-чарага катыша албай калды. Министр эң негизгиси Тилегендин тилеги аткарылгандыгын баса белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар